Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар. https://www.sputnik.kg Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod
Show more22 466
Subscribers
-5824 hours
-4597 days
+1 80930 days
- Subscribers
- Post coverage
- ER - engagement ratio
Data loading in progress...
Subscriber growth rate
Data loading in progress...
Photo unavailableShow in Telegram
Чүй облусунда телефонист ток ургандан кийин көз жумган
Трагедия Дөң-Арык айылында болгон. Жергиликтүү эл Чүй электр тармактары ишканасына чалып, түркүктө киши илинип турганын айтышкан.
Окуя болгон жерге келген электриктер сөөктү жерге түшүргөн. Энергетика министрлигинен 58 жаштагы ал киши телефонист болгонун айтышты.
Маалыматтарга караганда, түркүккө телефон линиясын тартканы чыккандан кийин ток урган.
Аталган министрликтен райондук электр тармактарына телефонисттин ал жерде иштей турганы боюнча эч ким маалымдабагандыгын айтышты.
Энергетиктер өз алдынча чыгып электр жабдуулары менен иштөө өмүргө кооптуу экенин эскертишти.
Сүрөт: Энергетика министрлиги
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Photo unavailableShow in Telegram
Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадага жолдомо утту
Ал Таиланддагы лицензиялык турнирде 57 килограммга чейинкилер категориясында чыккан. Спортчу жарым финалга чейин жетип, бирок утулуп калган. Үчүнчү орун үчүн кармашта Мунарбек индиялык атаандашын утту.
Кыргызстанга ал Олимпиада оюндары үчүн 15-жолдомону алып берди.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
👍 39🔥 8👏 1😁 1🏆 1
Photo unavailableShow in Telegram
Депутат Жусупбек Коргонбай уулунун министр Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деп айыптаганы эсиңиздеби?
Саламаттыкты сактоо министри буга байланыштуу сотко кайрылып, утуп алганын жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.
Сот Коргонбай уулун бул айткандарын төгүндөөгө жана Бейшеналиевге моралдык зыян үчүн 10 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
Бейшеналиев буга чейин 10 миң сомду балдар үйүнө же кимдир бирөөнүн операциясына берерин айткан. Ал эми сотко кайрылуусунун себеби айрым депутаттардын адамдын ар намысына шек келтиргендигин токтотуу менен байланыштуу экенин кошумчалаган.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
👍 20😁 4🤡 4👎 2
00:31
Video unavailableShow in Telegram
Стамбулда төрт кабат үй урап түштү
Соңку маалыматтарда бир киши каза тапканы айтылууда. Жети адамды урандылардын алдынан алып чыгышкан.
Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Бийлик бул жардыруу эместигин, үйдүн 1988-жылы салынганын билдирди.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
😢 14👍 1🤔 1
Photo unavailableShow in Telegram
Иранда биринчи ирет аял президент болушу мүмкүн
Зохре Элахиан Ирандагы кезексиз президенттик шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөн биринчи аял киши болуп калды.
Ирандык консервативдүү бул саясатчы айым эки ирет парламентке мүчө болду. Биринчи ирет 2008-2012-жылдары депутаттык милдетти аркаласа, экинчи ирет 2020-2024-жылдагы чакырылышка шайланып келген.
Соңу маалыматтарга таянсак, андан сырткары дагы бир нече эркек саясатчылар президентикке талапкер катары каттоодон өткөн.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
👍 22👎 7
Акылбек Жапаров 3-4-июнда иш сапар менен Беларуска барат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына, "Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу" деп аталган пленардык сессиясына катышат.
Мындан тышкары, "Белагро-2024"эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө бармакчы.
Өкмөттөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе караларын белгилешти.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
👍 9💩 4
00:16
Video unavailableShow in Telegram
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев өзүнүн тапшырмасын өзү кантип аткарып, жеңил автоунаа менен жүрүүдөн баш тартып (жумасына эки ирет колдонбойт) жатканын көрсөттү.
видео: “Ала-Тоо 24”.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
👏 27👍 10😁 6❤ 2😎 1
⚽️ Өлкөдө кийинки жылдан тартып мектеп окуучулары массалык түрдө футболго тартыла баштайт
Мындай пландар Футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасында жазылган.
Ага ылайык, мектептерде окуу жылында футбол менен машыгууга 20 саат бөлүнөт.
Ошондой эле бийлик өлкөдөгү ар бир футболдук клубдун астында жаштар үчүн футбол академиясын ачууну көздөп жатат.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
👍 37😁 1
00:26
Video unavailableShow in Telegram
Кыргызстандык мушкер Дмитрий Бивол WBA Super жана IBO версиялары боюнча чемпион наамын сактап калды
Ал ливиялык спортчу Малик Зинадды алтынчы раудда нокаут менен жеңди.
Эми Бивол абсолюттук чемпион наамы үчүн 12-октябрда Артур Бетербиев менен беттешет.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
👍 39🏆 2👏 1
00:26
Video unavailableShow in Telegram
Кыргызстандык мушкер Дмитрий Бивол WBA Super жана IBO версиялары боюнча чемпион наамын сактап калды
Ал ливиялык спортчу Малик Зинадды алтынчы раудда нокаут менен жеңди.
Эми Бивол абсолюттук чемпион наамы үчүн 12-октябрда Артур Бетербиев менен беттешет.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG